• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кылыч Саркарбаев камактагы кримавторитет Дженго менен жолугушканбы?

24 Аяк оона 2019 16:06 Бишкек Govori.TV

Instagram социалдык түйүндөгү bezpredelkg баракчасына Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси менен кримавторитет Кадыр Досонов («Дженго») жолугушканы деп видео жарыяланган.

Тасмадагы эки адамдын бири Кылыч Саркарбаев (Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси) ал эми экинчиси Кадыр Досонов «Дженго» каймана аты менен таанымал кримавторитет экени айтылууда. Жана алардын жолугушуусу кримавторитет жазасын өтөп жаткан абактан тартылганы айтылган. Бирок, качан тартылып алынганы белгисиз.

Бул видео тууралуу ЖАМКтан иликтөө жүргүзүлөөрүн айтышкан.

Эске салсак, кечээ жакында эле Кара-Суунун Фуркат айылында бир нече адамдардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, натыйжада ок атылган. Ош шаардык спорт комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев Ош бажысынын кызматкери, Раим Матраимовдун өкүл баласы Эмилбек Кимсановдун колунда жүргөн Төлөгөн Рахманберди уулун санга атып, окуя болгон жерден качып кеткенини айтылган эле.

Количество просмотров: 246