• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Криштиану Роналду Душенбеге барат

1 Бештин айы 20239:17 Бишкек Govori.TV

АФК (Азия футбол конфедерациясы) Чемпиондор лигасынын тайпалык оюндарынын алтынчы турунда Душанбенин «Истиклол» клубу Сауд Арабиянын «Аль-Наср» командасы менен беттешет.

«Е» тайпасындагы эки команданын бул оюну 5-декабрда Душанбедеги Борбордук стадиондо өтөт.

«Истиклол» клубунун басма сөз катчысы Рустам Хакимовдун айтымында, «Аль-Насрдын» оюнчулары Тажикстандын баш калаасына 4-декабрда келет деп күтүлүүдө.

«Команданын бардык мүчөлөрү Тажикстанга келүү үчүн виза алышты. Ал тизмеде Криштиану Роналду да бар. «Аль-Насрдын» капитаны Душанбедеги Борбордук стадиондун оюн талаасына чыгып, футбол күйөрмандары аны жакындан көрө алат деп үмүттөнөбүз», – деди Хакимов.

Тайпалык оюндардын экинчи турунда «Аль-Наср» менен «Истиклол» 2-октябрда Эр-Рияд шаарында кез келип, тажик командасы 3:1 эсебинде утулуп калган. Анда ал беттешти сыналгыдан 200 миллиондон ашык киши көргөнү кабарланып, бул АФК Чемпиондор лигасынын тарыхындагы рекорд болгону белгиленген.

Учурда «Е» тайпасында 13 упайы менен «Аль-Наср» биринчи орунда келе жатат. Ал Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты.

Экинчи орунга сегиз упайы менен Ирандын «Персеполис», үчүнчүгө төрт упай менен Катардын «Аль-Духайл» командасы жайгашса, Душанбенин «Истиклол» клубу эки упайы менен акыркы сапта.

Количество просмотров: 117