• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Отунбаева Атамбаев менен кезигеби? Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө экс-президенттер чакырылды

29 Баш оона 2018 11:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.

31-август күнү Кыргызстандын эгемендүүлүгүн майрамдоого атайын «Ала-Тоо» аянтында чоң иш-чара уюштурулат. Анда майрамдык салтанат өтөт. Ага экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылганын Президенттин басма-сөз кызматы кабарлады.
Мааламатка ылайык, өлкөнүн көз карандысыздыгын белгилөө учурунда президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз журтчулугун эгемендиктин 27 жылдыгы менен куттуктайт.
Аталган чоң маданий иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева дагы катышарын кошумчалашты.
Ошондой эле булар менен катар салтанатка Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери чакырылган.

Количество просмотров: 26