• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

КСДП: Алмазбек Атамбаевдин кытайларга каршы чагымчыл маалыматтарды таркатууга тиешеси жок

15 Үчтүн айы 201911:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.01.2019.Govori.TV.

Өлкөдө кытайларга карата маанайды курчутууну Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) ишмердүүлүгү менен байланыштыруу аракеттери жанданып бараткандыгына байланыштуу, партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева расмий түрдө билдирүү жасады.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, кытайларга карата маанайды курчутууну бийликтер саясый оппоненттерден эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издеши керек

«Биздин саясый оппонеттер кезектеги мындай калп жана ыпылас маалыматтык чагым таратуу менен өзүлөрү кетирген кемчиликтер үчүн күнөөнү экс-президент А.Ш. Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарууну көздөшүүдө. Кесипкөй атайын кызматтар чагымчыл митингдердин, тактап айтканда, 7-январда Бишкекте өткөн жана 17-январда өтүүсү жарыяланган митингдердин реалдуу уюштуруучуларын оңой эле аныктай алышмак, ал эми Президенттин Аппараты жана Өкмөт тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болчу.

Иш жүзүндө өткөн жылы ичи толугу менен мамлекеттик бийлик органдары кытайларга каршы маалыматтарды таратууга жана кыргыз-кытай мамилелерине доо келтире турган башка чагымчыл каршы эч кандай тийиштүү чараларды көрүшкөн жок, эми болсо биз жоопкерчиликти “оору баштан соо башка” оодара салуу аракеттерин көрүп турабыз. Бул так жогоруда айтылган кытайларга карата маанайды курчутуунун себептерин бийликтер саясый оппоненттердин ишинен эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издей турган учур»,- деп айтылат маалыматта.

Жолдубаеванын айтыманда, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган мезгилде КР менен КЭРдин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадамдар жасалып, биринчи кезекте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары эске алынган биргелешкен масштабдуу жана өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлор ишке ашырылган болчу.

«Экс-президент дос Кытай калкына жана анын лидерлерине чоң урмат менен мамиле кылат жана мындай мамиле эки жактан тең бирдей бааланат – КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин Алмазбек Атамбаевди, жадагалса, ал президенттик кызматтан кеткенден кийин да кабыл алганы бекеринен эмес. Экс-президент да, Кыргызстандын Социал – демократиялык партиясы да, КСДПнын активисттери да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамилелерге кесепеттери тие турган кандайдыр бир акцияларга эч кандай тиешеси жок жана болушу да мүмкүн эмес. Социал-демократтардын буга окшогон митингдерге тиешеси бар экени туурасындагы имиштерди жайылтуу КСДПга жана анын лидерине көө жабууга багытталган жалаа жабуу кампаниясынын бир бөлүгү болуп саналат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, «Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

«Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 14