Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.
КСДПнын өкүлдөрү Таалай Усубалиев, Темирлан Султанбеков жана Нурбек Касымбеков «Ата Мекен» партиясынын кеңсесине, сыртында илинип турган КСДПнын лидери А. Атамбаевдин сүрөтүн алып салуу талабы менен барышкан.
«Ата-Мекен» партиясынын Бишкектеги кеңсесинин алдында Алмазбек Атамбаев сүрөтү илинип, анын астында «камалсын» деп жазылган. Атамбаевдин гана эмес, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевдин дагы сүрөттөрү коюлган. Партия аларды дагы жоопкерчиликке тартууну талап кылышат.

Ал эми «Ата Мекен» партиясы, «Сүрөт алынбайт жана биз Атамбаевди жоопко тартылышын талап кыла беребиз», — деп билдиришкен.