• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДП: Атамбаев саясаттагы миссиясын акырына чейин ишке ашыра элек

27 Бугу 201915:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП төрагалыгын тапшырганы менен саясаттан кеткен жок. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, 25-май күнү Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан кеткен.

Эске салсак, 6- май күнү президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, экс-президент саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле саясий партиялардын башкаруу органдарында эмгектенүүсү мүмкүн эмес.

Ал эми, Кундуз Жолдубаева: «Атамбаев КСДПны жаш тарапташтарына өткөрүп берди. Бирок ал өзүнүн саясаттагы миссиясын акырына чейин ишке ашыра элек. Мындан улам экс-президент буга чейин жар салган саясий максаттарынан баш тартпайт. Ал бул боюнча партиянын жыйынында дагы билдирди», — деди.


Количество просмотров: 13