• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДП чыры: Атамбаевдин арызы Башкы прокуратурага келип түштү

19 Чын куран 201911:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын жетекчилигине Сагынбек Абдырахмановду каттаган Юстиция министрлигине чара көрүүнү талап кылган арызы Башкы прокуратурага келип түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Govori.TVга» билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаевдин арызы 18-апрелде кечинде келип түшкөндүктөн аны каттого бүгүн алышкан. Ал эми ал арызды кароо иши качан башталаары азырынча белгисиз.

Эске салсак, Юстиция министрлиги Сагынбек Абдырахмоновду КСДПнын төрагасы катары каттаганы белгилүү болгон. Министрлик партиянын съездинин жыйынтыгы боюнча берилген билдирүүнүн негизинде жетекчилиги өзгөртүлгөнүн билдирген.

Ал эми А. Атамбаев: «Юстиция министрлигинин бул кадамы тез арада калыс каралып, иликтенсин. Алар кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасап жатышат», — деген пикирин айткан. 

Количество просмотров: 12