• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДП чыры: Улуттук банк партиянын эсебине тие элек

19 Чын куран 201911:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

«Сагынбек Абдрахмановдун КСДПнын акчасын кайтарып берүүсү тууралуу жазган арызын көрө элекмин». Мындай пикирин бүгүн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

«Жазылган арыз ошол бойдон эле кала берет. Себеби банктын купуясы деген бар. Бирөө келип эле сиздин эсебиңиздеги каражаттарды арыз жазып ала албайт. Бул жерде соттун чечими керек. Ал эми Абдрахмановдун жазган арызын мен көрө элекмин, биринчиден карап эмне документтер тиркелгенин көрүшүм керек»,- деди Абдыгулов.

Эске салсак, кечээ Юстиция министрлигинин базасында Сагынбек Абдырахманов КСДПнын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Ал эми Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын уставын, гербин, мөөрүн жана акчасын кайтарып бериш керек экендигин айтып, Улуттук банкка арыз менен кайрылганын белгилеген.

Количество просмотров: 16