Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
«КСДП Атамбаевсиз» кыймылы туура жолдо баратат. Атамбаев партияны эле эмес элди да экиге бөлүп койду. Мындай пикирди коомдук ишмер Жылдызбек Турганов билдирди.
Анын билдиришинче учурда Атамбаевдин тарабында саналуулар гана калды.
«Атамбаевдин таламын талашкан эки депутат жүрөт. Анын бири Карамушкина ЖЭБ ди модернизациялоого кол коюп, Кытайга чейин барып келбеди беле?»,- деди Жылдызбек Турганов.
Мындан сырткары КСДП эси барда этегин жыйып, бул кыймылды колдошу керектигин белгиледи.