• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

КСДП: Исаковдун орун басарларынан үмүт үзүлдү

19 Үчтүн айы 2018 12:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19. 01. 2018. Govori.TV

Парламентте КСДП фракциясы Өкмөт башчы Сапар Исаковдун орун басарлары менен министрлеринен үмүтү үзүлгөнүн билдиришти. Мындай сөз бүгүн фракция отурумунда Өкмөттүн тамак-аш жана азык-түлүктү кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча отчетун угуу маалында айтылды. Анда вице-премьер министр Санжар Мукамбетов менен айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодоевдин баяндамасы угулган. Депутаттар баяндамада айтылган сандар менен фактыларга ичтери чыкпай турганын, Өкмөттүн бул тармактагы аткарган иши “2” деген баага татый турганын белгилешти.

“Силердин министрликте 5 миң адам иштетйт. Эмгек акы үчүн эле силерге 1 млн. 200 миң сом коротулат. Бирок, силер  шартыңар туруп эч нерсе жасабай жатасыңар. Агрардык сектор кургуйга кулады. Эмне кереги бар анда бизге мындай министрликтин, мындай чиновниктердин? Силерге үмүт артып болбой калды”,-деди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Эске сала кетсек, вице-премьер министр Санжар Мукамбетов бул кызматка шайланганына бир айдын жүзү боло элек. бир ай мурун эле ЖК ага чоң ишеним артып жаткан эле…

Количество просмотров: 19