• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Өкмөттү отставкага! КСДП аткаминээрлердин ишине нааразы болду

8 Бирдин айы 2019 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Мындай пикирин жыйынга катышкан депутаттардын жарымынан көбү билдирди.

«Өлкөдөн качкан Аскарбек Шадиев сатып кеткенге жетишпей калып садагага калтырган, конфискацияланган мүлкүнүн суммасы өлкөгө тартылган инвестициянын суммасынан көп болууда», — деди депутат Рыскелди Момбеков.

Депутат Аалы Карашев министрлер кабинети өлкө башчы берген тапшырмаларды аткарбай жатканын айтты.

«Региондор өнүкпөй жатат. Эки өлкөнүн президенти макулдашкан чечимдерди, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги өзүнө жазып жатат», — деп кошумчалады депутат.

КСДПнын фракция лидери Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Количество просмотров: 2