• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

КСДП менен БШК каржылык маселеге эмнеге көз жумат?

23 Жетинин айы 2018 18:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.11.2018. Govori.TV
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү Надира Сатыгул кызынын уулу, БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгулов кайда экенин билбей тургандыгы маалым болду. Анткени, акыркы жыйынга ал келген эмес. Тактап айтканда, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова анын атынан ишеним катты гана көрсөткөнү болбосо, Адилет Сатыгуловду кесиптештери бир жумадан бери көрүшө элек.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына маек берип, КСДПнын бухгалтери шайлоо учурундагы чыр-чатакты жакшы билгендигин, ошондой эле өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулганын билгендиктен чет өлкөгө чыгып кеткендигин айткан эле.
Мындан улам ИИМ Надира Сатыгул кызына  коркунуч туулган деген маалыматты текшерип баштаган.
Эске салсак, Адилет Сатыгулов КСДПнын квотасы менен БШКнын көзөмөлдөө-ревизия тобунда эмгектенип келген. Кызыгы КСДПнын шайлоодогу каржылык иштери боюнча өкүлү Надира Сатыгул кызы Адилет  Сатыгуловдун  апасы. КСДПнын маалымат катчысынан эмне себептен эне менен балага мындай каржылык маселе ишенип тапшырылгандыгы тууралуу сурадык.
Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген маегинен улам саясатчы Адахан Мадумаров «Президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтире турган маселе жаралды» дегендиги маалым.
 Бул маселеге байланыштуу ИИМ текшерүү жүргүзүп, Икрам Илмияновго шайлоо иштерине байланыштуу кылмыш иши козголуп, КСДПнын каржы жаатын тейлеген кызматкерлер өлкөдөн чыгып кетип жатса дагы учурдагы бийликтин унчукпай турушу таң калычтуу.

 

Количество просмотров: 37