Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
“Мыйзам бузуу менен саясий каршылаштары менен күрөшкөнү бийликтин жаңылыштыгы”,- деди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында партия аягына чейин күрөшөт.
“Эгер бийликтин бизди коркутам деген оюу болсо, алар жаңылышат. Биз аягына чейин күрөшөбүз. Партияны эч кимге бербейбиз, шайлоого КСДП деген бренд менен барабыз”,- деди Кундуз Жолдубаева.
Белгилей кетсек, Юстиция министрлигинин базасында Сагынбек Абдырахманов КСДПнын жетекчиси катары көрсөтүлдү.