• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДП партиясынын депутаты өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына колго түшүп берди

26 Чын куран 201916:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына колго түшүп берди. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта, кармалган Ыссык-Ата районуна караштуу убактылуу кармоочу жайга жайгашырылган деп айтылат.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов айылдашы Талантбек Жамангуловго бычак менен кол салган деп айпталган. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүүгө аракет кылган” беренеси менен сыртынан айып коюлуп, издөөгө жарыяланган.

Количество просмотров: 18