• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

КСДПда абал тынч эмес. Кожобек Рыспаевди кайра партияга чакырды

9 Тогуздун айы 2018 19:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.10.2018. Govori.TV
Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев партиянын катарынан чыгарылганы айтылган. Бул туурасында Кыргызстан социал демократтар партиясы, Рыспаевдин өзүнүн мамилеси менен партиядан сырткары экендигин билдиргенин айтып, депутаттын партиянын көз карашына туура келбеген кадамдарынан улам партиядан четтетитилгенин айткан.
КСДП нын мүчөсү Кожобек Рыспаев сөз жүзүндө, Бишкек ЖЭБде болгон кынтык иштерге  каршы чыгып жатканы менен түшүндүрүп, партиянын эшигин жапкан. Учурда КСДП  кайрадан оюн өзгөртүп, Рыспаевди кучагына алды.
КСДП да  кырдаал курчуп турган чагы өңдөнөт. Анткени аталган фракциянын депутуты Чыныбай Турсунбеков, КСДПнын ичинде топтук тирешүүлөр, акыркы учурда күч алып жататканын баса белгилеп, жада калса эки президентти жакындатуу аракетин жасаганын “Марал” радиосуна берген маалыматында билдирген.
«Парламентаризмди көксөгөн адам үчүн Кыргызстанда партиялардын өнүгүшү маанилүү. Мен эки президентти жакындатуу боюнча өз аракетимди жасагам. Бирок андан майнап чыккан жок. Мындай аракетти партиянын башка өкүлдөрү, саясий кеңештер да кылышы керек эле», — дейт Турсунбеков.
Мындан сырткары партиялык бийликтин башындагы жетекчиден тарта, саясий кеңешке чейинки түрдүү көйгөйлөр болуп жататканын жана ал маселелер саясий кеңеш менен фракциянын ортосундагы тирешүүгө алып барып жатканы белгилүү болгонун билдирген. Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, жакын арада КСДП да чоң өзгөрүү күтүлүп жатканы байкалууда.

 

Количество просмотров: 28