• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДПнын билдирүүсүнө УКМК жооп берди

12 Жалган куран 201916:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

УКМК Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын
съездин катышуучуларынын тизмеси текшерилип жатканы тууралуу кайрылуусуна жооп берип, кызматтык териштирүү башталганы айтылды.

«Аталган факт боюнча териштирүү иштери башталды. Белгилей кетсек, партиянын саясий кеңеши арызданган УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги К. Табалдиев кызматка 1 ай мурун гана дайындалган. Абал менен кеңири таанышуу максатында жана жергиликтүү бирикме менен иш алып баруу үчүн Жети-Өгүз райондук паспорт столуна бир канча сурамжылоо жиберген»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева УКМК мындай кадам менен аларга кысым көрсөтүү үчүн болуп жатканын айткан.

Партиянын съезди 6-апрелде Бишкекте өтөөрү айтылган.

Количество просмотров: 12