• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДПнын депутатын токмоктогон окуя териштирилип жатат

19 Чын куран 201916:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

Кербенде шаардык кеңештин депутаты Ыманалы Сариевди сабап кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Мекеменин берген маалыматына таянсак окуя боюнча иш козголуп, Аксы районунун милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргузүп жатышат.

«Жергиликтүү депутатка 8-апрелде кол салышып таш менен уруп, сабап кетишкени маалым болду. Ал баш мээси чайкалган абалда ооруканага жаткырылган. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык кеңешинин өкүлүнө кол салгандын себеби дагы эле белгисиз. Кол салгандар изделип жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Ысманалы Сариев КСДП партиясынын Кербен шаардык кеңешинин депутаты. Ал кол салуу боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.


Количество просмотров: 13