• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

КСДПнын кайра каттоодон өткөрүү боюнча кылмыш иши козголду

27 Бугу 201917:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Юстиция министрлигинин базасында жетекчилигин өзгөртүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголду.

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин арызынын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен тергөө жүрүүдө.

Белгилей кетсек, арыз Юстиция министрлигине карата жазылган. Министрдин орун басары Башкы прокуратурага сурак үчүн чакырылды.

Эске салсак, Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык жактарынын электрондук маалыматтарын өзгөрткөн. Эми базада КСДПнын жетекчиси деп Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 15