• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

КСДПнын мүчөсү Финполициясына суракка чакырылды

4 Теке 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирген, анын айтымында чакыруу бүгүн саат 15:00гө берилген.

Маалыматка ылайык, Финполиция партиянын мүчөсүн быйыл апрелде да суракка чакырган. Анда бул иш боюнча Кылычовдун юристи, орун басары болуп төрт киши сурак берип чыгышкан. Өзү муну “саясий буюртма” деп атап, “Дан” мамлекеттик мекемесин жетектеп турган учуруна байланыштуу мурда козголгон кылмыш ишти Финпол жандантканын билдирген.

Финполиция Кылычов күбө катары суралып жатканын билдирди.

Эске салсак, кечээ, 3-июлда Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүп, бийликке бир нече талап коюшкан. 

Количество просмотров: 44