• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«КТ Мобайл» башкы директору 350 миң сом айлык албайт

13 Бугу 201918:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Социалдык тармактарга тараган маалыматтын негизинде “Кыргызтелеком” текшерүүдө.

«КТ Мобайл» мекемесинин башкы директордун айлык маянасы 350 миң сом деген маалыматты четке какты. Бул туурасында “Кыргызтелеком” ишканасынын коммерциялык директору Эмиль Акматов билдирди.

-Азыр ушул маселе боюнча чогулуп атабыз. Социалдык желелерден бул маалыматты көрдүк. «КТ Мобайл» компаниясы “Кыргызтелеком” мекемесинин жардамчысы. Азыр биз так маалымат алуу үчун штаттык бирдикти түзгөн документти күтуп жатабыз.

Тараган маалымат боюнча Башкы директору Нурбек Мукамбетов айына 350 миң, башкы директордун орун басары Эрназара Рысалиева 300 миң сом, Техникалык директору Николай Дмитриенко 290 миң сом.

Количество просмотров: 18