Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.
“КТ Мобайл” компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтүүдө.
Айта кетсек, 15-май күнү Жогорку Кеңеште “Кыргызтелекомго” караштуу “КТ Мобайл” мекемесинин ишмердүүлүгүн талдоо боюнча бир катар депутаттар маселе көтөрүшкөн. Андан соң, 16-майда депутаттардан курулган комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:
Жанарбек Акаев, КСДП фракциясынан — Сайдолимжон Джураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан — Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, «Кыргызстан» фракциясынан — Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан- Гульшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Бол» фракциясынан- Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» фракциясынан — Алмамбет Шыкмаматов.