• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КТРКга алынган 1.5 млн долларлык ПТС. Эсеп палатасы текшерүү ишин баштады

5 Чын куран 2018 15:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.04.02. Govori.TV

2017-жылдын күзүндө КТР тарабынан сатылып алынган ПТС(көчмө телевизиондук станция)-унаалар боюнча учурда Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 3-апрелдеги КТРдин Байкоочу жыйынынын отурумунда башкы директор Илим Карыпбеков өзү билдирген.

Анда белгилүү болгондой, Байкоочу Кеңештин айрым мүчөлөрү улуттук каналга сатылып алынган ПТС-унаалардын баасына кызыгып, коомчулукта бул тууралуу нааразы пикирлер болуп жатканын, анткени,  алардын баасы өтө эле жогору экенин билдирген. Бирок, каналдын башчысы “бул боюнча, учурда Эсеп палатасы дагы текшерүү жүргүзүп жатат, ошонун жыйынтыгынан кийин гана анын базар баасында алынганын угасыздар. Ишенбесеңиздер, укук коргоо органдарына кайрылгыла”,-деп жооп берген.

Ал эми Эсеп палатасына кайрылганыбызда, маалымат катчы Роза Алмакунова учурда органдын аудиторлору КТРнын 2017-жылга карата каржылык иштерин текшерип жатышканын, текшерүү ушул жумада аяктап, бир айдын ичинде жыйынтыгы чыгаарын айтты. «Албетте, ПТС мамлекеттик сатып алуулар боюнча ири көлөмдөгү каражатка алынгандыктан, текшерүү учурунда ал сөссүз тыкыр текшерилет»,-деди ал.

Эске сала кетсек,  КТР былтыркы жылы 1 542,817 миң АКШ долларына же же 106 454,4 миң сомго 8 камералуу HD форматындагы ПТС сатып алган.

 

 

Количество просмотров: 38