КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы болуп төкмө акын Азамат Болгонбаев шайланды. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин 14 мүчөсү бир добуштан колдошту.
Ошондой эле жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басары болду.
2019-жылы ноябрь айында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз арызы менен кеткен.