• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

КСДПнын мурда Ошто эч кандай позициясы жок болчу

30 Жалган куран 2018 19:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.03.2018.Govori.TV
Коомдук каналдын Ой-Ордо берүүсүндө «Жээнбековдорсуз КСДПнын түштүктө позициясы жок болчу»,-деген сөз учурда социалдык тармактарда чоң талкуу жаратууда.
  • «КСДПнын мурда Ошто эч кандай позициясы жок болчу, мына 31инде съезди болгон турат. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо башында туруп КСДПга добуш алып берген азыркы президент. КСДПнын аты ошондо чыга баштады. Азыр КСДП бийликке алып келдик деген сөздөр айтыла баштады, КСДПны бийликке алып келген адамдарды да айтып коюшубуз керек»,-деген Молдалиев.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы апрель окуясынан кийин Ошко губернатор болуп дайындалып, 14-апрелде Бакиевдерди кубалоого өзү катышкан. Ал эми иниси Асылбек Жээнбеков 2007-жылдан бери КСДПнын Ош шаары жана облус боюнча координатору. Бирок, Асылбек Жээнбеков КСДПнын 31-марттагы съездине чакыртылган жок.
Количество просмотров: 39