• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

КТРК ютубдан өчүргөн дебаттын видеосун кайрадан жарыялады

4 Үчтүн айы 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

КТРК ютуб каналынан өчүргөн президенттикке талапкерлердин теледебаттарынын видеосун кайра жарыялады.

Өчүп калган дебат 30-декабрда өтүп, ага талапкерлер Асанов, Байгуттиев, Жээнбеков, Кочкоров, Сегизбаев жана Төлбаевдер катышкан.

Видео бүгүн, 4-январда кайра КТРКнын ютуб каналына жарыяланды.

Эске салсак, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу КТРКнын башкы директоруна 5 500 сомдук айыппул салуу, президенттик шайлоого талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүндөгү видеону «YouTube» хостингине кайра жүктөөгө милдеттендирүүнү сунуш кылган.

Түз ободо чыккан дебаттын видеосу аталган порталдан бир сааттан кийин өчүрүлгөнү ар кандай талкууларга жем таштаган.

КТРК муну техникалык мүчүлүштүк катары түшүндүргөн.

Дебат учурунда Сегизбаев дагы бир талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Ал Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюна барганын айтып, буга далил катары сүрөттөрдү көрсөткөн. Социалдык түйүндөрдүн бир катар колдонуучулары дебаттын видеосунун «YouTube» каналынан табылбай калышын Абдил Сегизбаевдин ушул билдирүүсү менен байланыштырган.

Количество просмотров: 3376