Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.
КТРКнын Байкоочу кеңеши КТРКнын башкы директор кызматына талапкерлердин документтерин карады. Жалпысынан 22 талапкер документ тапшырган.
Алардын ичинен 3 таларкердин тиешелүү айрым документтеринин жок болгондугуна байланыштуу сынактан четтечилди.
Алар: Аттокуров Элдар, Шеримбеков Бөлөкбай жана Муслимова Жылдыз.
Ал эми калган 19 талапкердин 10нун «диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин» деген кепилдик каты жоктугунан улам, аларга 3 күндүк мөөнөт берилди.
Алар:
1. Каарманбек Кулуев;
2. Болотбек Тиллебаев;
3. Галина Байтерек;
4. Куттумидин Базаркулов;
5. Ишен Айтмамбетов;
6. Абдихалил Ахматов;
7. Сюита Соурбаева;
8. Сураган Доусубаев;
9. Эркинай Эшанкулова;
10. Замирбек Казакбай уулу.
Баардык документтерди туура тапшырган 9 талапкер болду:
1. Мирбек Мурзабеков;
2. Малика Курманова;
3. Мирлан Самыйкожо;
4. Адиль Турдукулов;
5. Жайнак Усен уулу;
6. Ибраим Нуракун уулу;
7. Алим Токторов;
8. Дуйшок Мамбетомуров;
9. Илим Карыпбеков.
“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт