• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

КТРКнын башкы директору болуп Бактияр Алиев шайланды

30 Бештин айы 202018:20 Бишкек Govori.TV

КТРКнын Байкоочу кеңеши бүгүн, 30-декабрда жыйынга чогулуп, корпорациянын башкы директорлугуна Бактияр Алиевди шайлады.

Кеңештин добуш берүүгө катышкан 15 мүчөсүнүн 11и Алиевди колдоп добуш беришти.

6-октябрда КТРКны 2019-жылдын март айынан бери жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу кызматын тапшырып берген. Анын ордуна жаңы жетекчиге сынак жарыяланган.

Корпорациянын жетекчисинин милдетин башкы директордун орун басары Бактияр Алиев аткарып турган.

Количество просмотров: 80