• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

КТРКнын кызматкерлери айлыктарын ала албай жатканын айтышууда

14 Жалган куран 2019 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

КТРКнын кызматкерлери айлыктарын өз убагында ала албай жатканын Коомдук телеканалдын «Ала-Тоо 24» каналынын  кызматкерлеринин бири өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.

» «Ала-Тоо 24» каналынын азыркы абалы жакшы эмес. Айлык акыны кечиктирүү 2018-жылдын ноябрь айынан эле башталган. Ошондон бери акчаны өз убагында бербей кечиктирип, ойнотуп келе жатышат. Биздин жумушта жарымынан көбү кредитке акча алгандар жана квартирада жашагандар бар. Кредит менен квартирага убагында төлөй албай, процентке акча алууга муктаж болуп жатабыз»,-деп жазган Руслан Сабатаров.

«Ала-Тоо 24» каналынын азыркы абалы жакшы эмес. Айлык акыны кечиктирүү 2018-жылдын ноябрь айынан эле башталган. Ошондон…

Опубликовано Руслан Сабатаров Четверг, 14 марта 2019 г.

Бул маселе боюнча маалымат алуу максатында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго байланышка чыгып жооп ала алган жокпуз.

Количество просмотров: 15