• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Кубанычбек Кулматов менен Аскарбек Шадиев куда болуп калыштыбы?

19 Бирдин айы 201915:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.​

Бишкектин камактагы экс-мэри Кубанычбек Кулматов менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдер куда болуп калышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайты өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Кубанычбек Кулматовдун мурдагы аялы Наталья Кулматовадан төрөлгөн уулу Каныбек Шадиевдин кызы Саадатка үйлөндү деп билдиришет.

— Каныбек Кулматов менен Саадат Шадиева 2018-жылдын акырында никелешкен. Аталарынын айынан үйлөнүү тою болбой калды. Элдин көңүлүн өзүбүзгө бурбайлы деп чечишиптир, — деп түшүндүрүшөт булактар.

Жаңы үйлөнгөндөргө өкүл ата болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков шайланганы айтылууда.

Ал эми Наталья Кулматовага кайрылганда, ал маалыматты четке каккан.

Равшан Жээнбеков болсо комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.


Количество просмотров: 26