• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуттук билим берүү министри менен жолукту

11 Теке 20191:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.07.2017. Govori.TV

Күн мурун Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуттук билим берүү министри Зия Сельчук менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим көпүрөсү болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университети өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы экендигин белгилешти.

«Түрк тарап Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол ѳнѳрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдеринин айлык маянасынын маселесин чече тургандыгы тууралуу ишендирди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык Макулдашууга тез арада кол коюу зарылчылыгын белгилешти.

Количество просмотров: 11