• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кубанычбек Самаков: «Элчи Аида Исмаилованын үстүнөн арыздар түшүүдө, анын ишине баа берүү керек»

30 Аяк оона 202415:19 Бишкек Govori.TV


«Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын үстүнөн арыздар түшүп жатат», — деп билдирди депутат Кубанычбек Самаков 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында.

Анын айтымында, социалдык тармактарда анын ишмердүүлүгү боюнча катуу талкуу жүрүп жатат.
Самаков депутаттык комиссия түзүп, анын курамына атайын кызматтын кызматкерлерин киргизип, элчинин ишине баа берүүнү сунуштады.

«Бизге кыргызстандыктар айтып, инвесторлор дагы кайрылып жатышат. Ал өз ишин кандай алып барарын жакшылап карашыбыз керек», — деди ал.

Количество просмотров: 187