“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Асылкан Кубанычбекова.
Ош шаарынан келген Кубанычбекова кесиби боюнча мугалим.
«Мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге коомдук иштерге активдүү катышам. Мыйзамсыз көрүнүштөргө жарандык позициямды билдирип, күрөшүү жолундамын. Келечекте педогогикалык кесипти коомчулук сыйлаган кесиптердин катарына кошууга салып кошкум келет»,-деди Кубанычбекова.