Бишкек.02.12.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, журналист Кубат Оторбаев «Аю холдингдин» вице президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн өзү журналисттерге билдирди.
Анын айтымында тийиштүү жарлыкка бир жума мурда Шаршенбек Абдыкеримов кол койгон.
Эске салсак, «Аю холдинг» жеке ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримовго таандык. «Аю холдинг» ондон ашуун багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал жерде 6 миңден ашуун киши иштейт.
Буга чейин вице президенттикти Балбак Түлөбаев аркалап келген. Ал Бишкек шаардык мэриясына кызматка кеткенден кийин бул орун бош турган болчу.