1-июлдан тарта Бишкектеги Магистрал көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, чектөө Садырбаев көчөсүнөн «Манас айылына» чейинки тилкеге киргизилет.
«Жол бул тилкеде курулуш жана реконструкция иштеринин башталышына байланыштуу жабылууда», — деп айтылат маалыматта.