• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кубатбек Боронов Минскке учуп кетти

17 Теке 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүү билдирет.

Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар.

Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган.

Кеңештин алкагында өкмөт башчынын бир нече жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 435