• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Президент Жапаров иш сапары менен Ысык-Көлгө барат

1 Кулжа 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы билим берүү жана башка имараттардын абалы менен таанышат. Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.

Комплекстин ачылышы УТРК телеканалы аркылуу саат 14:00дө түз көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 111