• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кудабаева: Саясий дараметимди жогорулаткым келет

19 Бирдин айы 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Ысык-Көл районунан келген Венера Кудабаева, ал айылдык кеңештин депутаты.

«Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутатымын жана айылдагы мектепде директор кызматын аркалайм. Директор болуп эмгектенгениме 20 жылдай болду. Мектепке көп иштерди жасадым деп айта алам, анткени айылдык билим берүү долбоорлору менен бир топ иштер жасалып, долбоорлор ишке ашты. Мектептин көйгөйлөрү, чатыр жабуу, материалдык, техникалык базасын көтөрүүдө жакшы иштерди кыла алдым деп өзүмө өзүм отчет бере алам. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаты катарында да бир катар иштерди аткарып жатабыз. Алдыда дагы пландарым бар. Ал эми бул тренинге келгенимди максаты көп өзүмө керектүү тажырыйба алам деп ишенем», — деди ал.

Количество просмотров: 215