• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды

7 Чын куран 20269:53 Бишкек Govori.TV

6-апрелде Баткен шаарынын 8-Март көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткен 65 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМге бул тууралуу билдирүү саат 16:44тө келип түшкөн. Окуя болгон жерге Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.

Алардын ыкчам аракетинин натыйжасында саат 16:49да аталган жаран кудуктан чыгарылып,тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Теги:
Количество просмотров: 112