• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кудуктардын капкактарын уурдагандар кармалды

17 Жалган куран 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматкерлери кудуктардын капкактарын уурдагандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа каттоочу жолдордо суу түтүктөрүнүн кошулган жерлериндеги кудуктардын капкактары уурдалып, ал жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, жада калса жол транспорт кырсыктарына алып келген фактылар да катталган.

Бул боюнча жарандар тарабынан кудуктардын капкактары уурдалып жаткандыгы тууралуу көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ушул сыяктуу фактыларга бөгөт кою максатында аракет кылып келишет.

2021-жылдын 17-мартында болжол менен саат 01:10 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Чүй жана М. Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар капкактарды көтөрүп бара жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат келген кайгуул кызматкерлери жолдогу кудуктардын капкактары уурдалганын аныкташкан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.У. жана 1957-жылы туулган О.У. аттуу жарандарды капкактарды араба менен алып бара жаткан жеринен кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо учурунда алардын туруктуу жашаган жери жок экендиги аныкталган.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы ушундай фактыларды көргөн учурда дароо кабарлоону эскертет.

Количество просмотров: 268