• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кулаган бак, учкан чатыр… Бишкекте болгон катуу шамалдын кесепеттери (сүрөт, видео)

8 Кулжа 202122:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн кечке маал болгон катуу шамалдан кийин Алма-Атинский көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жай күйүп кетти. Эки унаа күйгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок, анткени жумуш күнү буга чейин бүтүп, эч ким жок болгон.

Ал эми катуу болгон шамалдын кесепетинен шаар ичинде бактар кулап, курулуштун чатырлары учту. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары байма-бай бөлүшүшүүдө.

«Түндүкэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ишкананын электр тармактарындагы кызматкерлери тарабынан электр камсыздоону калыбына келтирип жатат.

Количество просмотров: 7485