• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кулак укса, курсак кайнайт». «Ак-Кула» ат майданын көчүрүүгө каршылар митингге чыкты

17 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-февралда «Ак-Кула» ат майданын шаардын четине көчүрүүгө каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат. Акцияга 100гө чукул жаран катышууда. Алар «Урматтуу Садыр Нургожоевич Ак-Куланы сактап калыңыз!», » Мэрия Ак-Куладан колуңду тарт!» деген жазууларды кармап турганын көрүүгө болот.

Коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Кемелбек Ашыралиевдин айтымында, «Ак-Кула» ат майданы ордунда калганы туура.

«Башка мамлекеттерге Кыргызстан ат оюндары менен гана мактана алат. «Ак-Куланы» шаардын чекесине көчүрүүгө каршыбыз»,-деди Ашыралиев.

Бул арада Бишкек шаардык мэриясынан вице-мэр Руслан Акылбеков келип, эл менен жолукту.

«Ат майдан көчүрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Туура эмес сөздөр тарап кеткен экен. Ат майдан эч кайда көчүрүлбөйт. Оңдоп түзөө иштерине байланыштуу тендер жарыяланган. «Мэрия жер сатат» деген ойдон алыс болуңуздар! Мэрия, Өкмөт элдин көйгөйүн чечкени келген. Бул маселе чечилди деп ойлойм. Имиш сөздөр болгон бирок, четке какканбыз «,-деди Акылбеков.

Буга чейин вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде борбор калаадагы «Ак-Кула» ат майданын шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын айткан.

Кошумчалай кетсек, 57 гектар аймакты ээлеген “Ак кула” ат майданы 1979-жылы курулган. 1995-жылы өкмөттүн токтому менен ипподром Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Эки жылдан кийин “Ак кула” акционердик коому катары түзүлүп, имараттын 80 пайыз үлүшү эмгек жамаатына, 20 пайызы Айыл чарба министрлигинде калган.

2013-жылы сот Айыл чарба министрлигинин агрардык жана жер реформасын мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми ушул жылдын январь айында Ленин райондук соту “Ак куланы” кайрадан шаардык мэрияга өткөрүп берген.

Количество просмотров: 239