• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кулматов: Бажыдагы акчанын көбөйүүсү кытай жаңы жылы менен байланыштуу

14 Бирдин айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.02.2018.Govori.TV

Депутат Зиядин Жамалдинов Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго январь айындагы бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө эмне себеп болгонуна кызыкты.

«Январь айында бажы төлөмдөрү көбөйдү деп билдирдиңер. Бирок, бул чегарада токтоп турган унаалардын эсебинен гана көбөйгөнү айтылууда. Бажы төлөмү эмненин себебинен көбөйдү»,-деп суроо салды депутат.

«Кытайдын жаңы жылына карата көбүрөк салык түштү жана башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер дагы жыйынтыгын бергенин айтты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов дагы Кулматовдун январдагы ийгилиги чегарада туруп калган унаалар экендигин айткан.

Жамалдинов бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшү коррупциялык схемалар азайды дегенди түшүндүрөбү деп сурап, ага Кулматов «ооба!,-деп гана жооп берди.

Жамалдинов Кыргызстанга январь айында кирген унааларды эң төмөнкү бажы төлөмү менен эсептегендеги акчага бажы кызматы чогулткан акча жетпей жатканын айтты.

Эске салсак, өкмөт башчы Сапар Исаков 2018-жылдын январында мурдагы жылдарга салыштырмалуу бажы төлөмдөрү эки эсе көп чогулганын билдирген. Бул тууралуу ал Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алып жатып айтканын өкмөттүн маалымат кызматы маалымдаган.

«Жасалган иштер жыйынтыгын берип жатат. 2018-жылдын январында 2,8 миллиард сомдон ашык каражат чогулду. Бул пландалгандан 907,3 миллион сомго көп», — деген Кулматов.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча бир ай мурда Борбордук бажыдан күнүнө 30 миллион сом акча түшсө, учурда ал эки эсеге (60 миллион сомдой) көбөйгөн. Ош бажысынан түшкөн каражаттардын көлөмү он эсеге өскөн. Аталган бажы буга чейин 1,5-2 миллион сом чогулса, учурда күн сайын 15 миллион сом түшүүдө деп билдирген.

 

 

Количество просмотров: 29