• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кулматов менен Ибраимов 6-сентябрга чейин камакта калышты

5 Теке 2019 13:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 5-июлда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму улантылды.

Мамлекеттик айыптоочулар УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы мурунку мэрлерди камакта калтырууну суранды. Ал эми жактоочулар прокурорлордун өтүнүчүн четке кагууну суранышты. Алардын пикири боюнча, айыпталуучуларды камакта калтырууга негиз жок.

Жыйынтыгында судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучуларды 6-сентябрга чейин камакта калтырды.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.

Количество просмотров: 3