• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум 25-октябрга жылды

21 Тогуздун айы 2019 11:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 айыпталуучунунун иши каралды.

Жактоочунун келбегенине жана эксперттин ооруканада дарыланып жатканынан байланыштуу соттук отурум 25-октябрга жылдырылды.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов  «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Количество просмотров: 42