Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун сот отуруму 2-декабрга жылдырылды.
Буга соттук отурумга бир нече жактоочунун келбей калышы себеп болгон.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.