Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук жараян уланууда.
Соттук отурумда жарыш сөз жүрүп, прокурор Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматовго 15 жыл ал эми Албек Ибраимовго 20 жыл абак мөөнөтүн сурады.
Эске салсак, Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.