• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ленин райондук сотунда айыпталуучу конвойдук бөлмөдө көз жумду

10 Бештин айы 2019 10:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ленин райондук сотунда айыпталуучу соттун чечиминен кийн каза болду. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр билдирди. Маалыматты укук коргоо органдары дагы тастыктаган.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя кечээ, 9-декабрда болгон. Анда Ленин райондук сотуна алынып келинген айыпталуучу соттун чечиминен кийин конвойдук бөлмөдө көз жумган.

«Биз күтүү залында отурганбыз. Киши абдан көп болчу. Анда конвойлордун коштоосунда соттолуучунун араң басып өткөнүн көргөнбүз. Арадан 10 мүнөт өткөн соң анын каза болуп калганы белгилүү болду. Байкасак тергөөчү жана аны алып кирип бара жаткан конвойлордун баардыгы маска тагынып алган. Сурасак маркум кургак учуктун оор түрү менен ооруганы айтылды. Соттолуучунун туугандары дагы жок болгонун кошумчалашты»,-деп билдирди күбө.

Количество просмотров: 9327