Бишкек шаардык сотто мурунку мэр Кубанычбек Кулматовдун ишинин апелляциялык арызы боюнча биринчи отурум өтөт.
Бул процесс 7-февралга пландалды. Кубанычбек Кулматов менен башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААКтын каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталышкан.
2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, 5 млн сом айып салган. Ал сот залынан бошотулган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган.