• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы шаардык сотто качан каралат?

29 Үчтүн айы 2024 13:50 Бишкек Govori.TV

Жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 1-февралдан тарта каралат.

Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, 11 журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүүгө байланыштуу арыздар 1, 2 жана 5-февраль күндөрү каралат.

«Ушул эле күндөрү сот алардын кармалышынын мыйзамдуулугун дагы карайт»,-деп билдиришти шаардык соттон.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат.

Количество просмотров: 42