• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны 10 жылга соттолду

18 Бугу 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранын 10 жылга соттоду. Өлкөдө биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды. Бул тууралуу соттун чечими act.sot.kg сайтына жарыяланды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында «материалдык пайда табуу үчүн» Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы айтылат.

Шектүү коюлган айыпты толугу менен четке кагып, Орусиянын жарандыгын алыш үчүн аскерге барганын айтып, өзүн «Луганск Элдик Республикасы» («ЛЭР») деп атап алган жикчил аймакта болгонун ырастаган.

Сот К.у.А. Кылмыш-жаза кодексинин «Жалдануучулук» беренесинин 2-бөлүгү «Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу» менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кести.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул жаранды январь айында кармап камаган.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 93